Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Курулай мен-менсинип, көтөрүлүп, мактанып сүйлөө, оозу менен опуруп-жапыра берүү. Ооз көптүрүп ойду ээрчиткен кур кыял, Ойлочу дос, кайдан келсин көңүлгө? (Маликов). Ушу али да «мен Төрө менен Токтогулду айдатып», «тиги эле Курманжан датка өзү арага киши салса болбой деп, оозун көптүрүп, мактаныч кылып жүрөт (Касымбеков). Күз келди, күз менен бирге Орозкул жайында көргөн сый-урматынын акысын, ооз көптүрүп берген үбадасын, күзгө чейин деп алган карызын төлөөр учур келди (Айтматов).